Агуучулук чеги

Википедия дан

Агуучулук чеги – материалдар каршылыгында пластикалык деформация пайда болушуна туура келген чыңалууну айтабыз.

Тажрыйбада цилиндр үлгүнүн чоюлушу менен туурасынан кесилиш аянтындагы нормалдуу чыңалуу σ3 аныкталат да баштапкы пластикалык (кайталанбоочу) деформация пайда болот. Ушуга окшош эле тажрыйбада жука түтүктү айландыруу (буроо) менен жылышуудагы Агуучулук чегин ага туура келген жылышуудагы чыңалуу τ3 ти аныктоого болот. Көпчүлүк металлдар үчүн А. ч.σ3 =τ3=√3. Кандайдыр бир материалдардын цилиндр түрүндөгү үлгүсүн чоюп узартсак, анда нормалдуу чыңалуунун σ3 салыштырмалуу узарууга ε болгон көзкарандылык диафрагмасында агуучулук тиши байкалат, ал физикалык Агуучулук чегинин тиши деп аталат (к. сүрөттү). Агуучулук чегинин тиши пайда болгондон кийин деформациянын өсүшү туруктуу чыңалуунун σт натыйжасында өтөт. σ–ε диаграммасында горизонталь аянтча пайда болуп агуу аянтчасы деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]