Агымдык медиа

Википедия дан

Агымдык медиапровайдер тарабынан жеткирилип жаткан учурда акыркы колдонуучу тарабынан туруктуу түрдө алынып, ага көрсөтүлүп турган мултимедиа. "Агуу" этиши ушул жол менен жеткирип берүү же алуу жараянын туюнтат; бул термин каражатты эмес, аны жеткирүү ыкмасын билдирет. Файл жүктөп алуунун альтернативасы катары бул жараянда акыркы колдонуучу көрүп же укканга чейин мазмундун файлын толугу менен алат.

Акыркы колдонуучу болгон кардар файл толугу өткөрүлгөнгө чейин эле маалыматтык файлды (мисалы, тасманын же ырдын санарип файлын) ойнотуу үчүн медиа плеерди пайдалана алат. Жеткирүү ыкмасын бөлүштүрүлгөн медиадан айырмалоо айрыкча телекоммуникациялык тармактарга тиешелүү. Анткени көпчүлүк жеткирип берүү системалары табиятынан агымдык (мисалы, үналгы, телекөрсөтүү, агымдык колдонмолор) же болбосо табиятынан агымдык эмес (мисалы, китептер, видео кассеталар, аудио дисктер) болуп эсептелишет. Мисалы, 1930-жылдары фондук музыка эң алгачкы жалпыга жеткиликтүү агымдык медиалардын бири болгон; бүгүнкү күндө интернет телекөрсөтүүсү агымдык медианын жалпы түрү болуп эсептелет. "Агымдык медиа" деген термин видеодон жана аудиодон тышкары жашыруун субтитр, тикердик жабдык жана анык убактагы текст сыяктуу медиа дегенди билдирет. Анткени булардын баары "агымдык текст" болуп саналат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]