Адабий укмуштуу окуялар

Википедия дан

Адабий укмуштуу окуялар – адабиятта борбордун багытында курч сюжеттер, жеке каармандын жана жалпы коомдун чыңалган конфликттеринен турган, окурмандын көңүлүн кызыктуу окуялардын, кырдаалдардын алмашууларына бурган прозалык чыгармалар. Тобокелдик, кылмыштуулар жөнүндөгү, илимий, укмуштуу жомокко окшогон, чыгармалардан түзүлөт.

Укмуштуу окуялар адабиятында жанрлардын элементтери бири-бирине кошулуп, биригип да кеткен. Мындай чыгармаларга кыймыл-аракеттин ыкчамдыгы, кызыктуулугу, сюжетте күтүлбөгөн окуялардын, көрүнүштөрдүн тез-тез пайда болуп турушу, табышмактуу жана сырдуу баяндоо, каармандардын аракеттеринин тездиги, тапкычтыгы, окуялардын бат алмашышы, көбүнчө ойдон чыгарылган нерселердин сүрөттөлүшү, талдоонун жоктугу мүнөздүү (мисалы, Д. Дефо “Робинзон Крузо”, А. Дюма “Мушкет мылтыгы менен куралдаган үч солдат”) Кандайдыр бир деңгээлде мындай өзгөчөлүктөр К. Жантөшевдин “Каныбек” романына да мүнөздүү көрүнүштөрдөн болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004