Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар
Көрүнүш
Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, КР Конституциясында бекемделген жарандардын саясий, социалдык жана жеке укуктарына жана эркиндиктерине кол салган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик). Адамдын жеке жашоосунун колтийбестигин бузуу; шайлоочулардын добуштарын сатып алуу; эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузуу ж.б. ошондой кылмыштардан болуп саналат.
==Колдонулган адабияттар==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7