Адамдын шери
Көрүнүш
Баатырдыктын биринчи даражасы.
Октон-чоктон кайтпастан, алды-арты, аз-көбүнө карабастан, жоо миң киши болсо да жалтанбастан тоодон кулаган таштай чимирилип жалгыз качырып, күндүз, мейли түн болсун, тоо улуусу, аң-кемерди көзгө илбестен жоого тийип, жоону кайта-кайта аралап салышып, бытчытын чыгарып качырат. Же өзү талкаланат. Мындай баатырларды «Адамдын шери» деп атаган. Мындай баатырлар кыргызда боло келген, биринчи баатыр ушул.
Маалыматтын булагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 2-чи том. Archived 2011-10-10 at the Wayback Machine