Адам жана биосфера программасы

Википедия дан

Адам жана биосфера программасы - табигый ресурстарды пайдаланууну жөнгө салуу проблемалары боюнча орчундуу изилдөөлөрдү координациялоочу мамл. программа. 1970-ж. ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясынын 16-сессиясында эларалык биол. программанын уландысы катары кабыл алынган; 1984-ж. программага 90 өлкө катышкан. Негизги милдети дүйнөнүн ар башка аймактарында адамдын бпосферага тийгизген таасиринин жана ал өзгөрүүлөрдүн көп түрлүү иш-аракетинин (жерди пштетүү, инжнер-техникалык иштер, энергияны пайдалануу жана башка) өзүнө тийгизген таасирин комплекстүү изилдөө болуп саналат. Программа ушул багыттагы 14 долбоорду камтыйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1