Аданов Жыргалбек

Википедия дан

Аданов Жыргалбек 1973-жылы 4-майда Жалал-Абад облусундагы Сузакрайонунун Октябрь кыштагындатуулган.

  • 1990-жылы Мичурин атындагы орто мектебин бүткөндөн кийин, Баку шаарындагы Жогорку Аскердик Командалык (БВОКУ) окуу жайына тапшырат.
  • Советтер Союзу таркап кеткенден кийин, Алматы шаарында Жогорку Аскердик Командалык (АВОКУ) окуу жайына которулат да,
  • 1994- жылы ийгиликтүү аяктап келип, Ош шаарындагы аскердик бөлүктө взводдун командири болуп кызматын өтөй баштайт.
  • 1995-1999-жылдары Бишкектеги Борбор Азиялык( ЦАР) ротанын взвод командири, андан кийин ротанын командири болуп кызмат кылат.
  • 1999-жылы жана 2004-жылдары тажрыйбасын өркүндөтүү үчүн, АКШ га курска барып окуп келген.
  • Келгенден кийин, 2000-2004-жылдары Баткенге кирген банданы жок кылуу үчүн түзүлгөн атайын бөлүктүн командиринин орун басары болуп дайындалат.
  • Баткендеги банда жок кылынгандан кийин, Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүккө батальондун командиринин орун басары, батальондун командири болуп кызмат кылган.
  • 2008-2010-жылдары Москва шаарындагы, M. В. Фрунзе Аскердик Академиянын угуучусу болгон.
  • 2011-жылы полковник наамын алып, Ош шаарындагы аскердик бөлүктүн командири болуп дайындалган.
  • Кылган кызматы үчүн көптөгөн медаль, ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
  • Аскердик чини полковник.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3