Адаптациялык радиация

Википедия дан

Адаптациялык радиация - түпкү теги бир жаныбарлардан ыңгайлануу эволюциясынын натыйжасында түрдүү топтогу организмдердин пайда болушу. Ал табигый тандалуунун натыйжасында болуп, жашоо чөйрөсүнүн түрдүү шартына ыңгайлануунун өрчүшүнө, ошондой эле анын ресурстарын (жаңы чөйрө, тоют, азык табуу жана башка) пайдалануу жолдоруна байланыштуу. Таксономиялык топторго кирүүчү организмдердин өтө көп түрдүүлүгү адаптациялык радиациянын натыйжасы болуп эсептелет. Мисалы, адаптациялык радиациясы плаценталуу сүт эмүүчүлөрдөн курт-кумурска жечүлөр, кол канаттуулар, приматтар, кемирүүчүлөр, коён сымалдар, ача ж-а сыңар туяктуулар, жырткычтар, кит сымалдар жана башка түркүмдөрдүн пайда болушуна алып келген. Ал эми жырткыч сүт эмүүчүлөрдөн адаптациялык радиациянын жүрүшүнөн суусар сымалдар, аюулар, ит сымалдар, мышык сымалдар жана башка тукумдар пайда болгон. Адаптациялык радиация түр пайда болуу процесси катары башталып, эволюциянын законченеминин бири катары каралат. Адаптациялык радиация концепциясы дивергенция жөнүндөгү түшүнүктү кеңейтет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1