Адаптация (биология)

Википедия дан
Жираф (Giraffa camelopardalis reticulata).

Ар түрдүү чөйрө факторлордун жандуу организмдерге таасири жаратылышы (атмосфердик, суу, физиологиялык), таасир этүү күчү (четтөөчү, экстремалдык, леталдык ж.б.), убакыт боюнча айырмаланат. Организмдердин мындай ар кыл таасир эткен факторлордун таасирине жооп берүү реакциясы да ар түркүн. Бирок баардык учурда организмдин жооп берүү реакциясы ыңгайланышуу мүнөзгө ээ. Мындай организмдин ыңгайланышуу реакциялары адаптация деп аталат.

Адаптация (лат – ыңгайланышуу) – организмдердин чөйрөгө ыңгайланышуусу. Алар ар дайым 3 негизги факторлордун таасири астында өөрчүшөт - өзгөргүчтүүлүк, тукум куучулук, жана табигый тандалуу.

Адаптациялар деп эволюциялык түрдө калыптанган жана тукум куучулук аркылуу бекитилген, динамикалык экологиялык факторлордун шартында нормалдуу жашоо тиричилигин камсыз кылган, тирүү организмдердин өзгөчөлүктөрү аталат.

Адаптациялардын типтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Физиологиялык адаптациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички чөйрөнүн туруктуулугун сактоого багытталган организмдин чөйрөнүн өзгөрүүсүнө ыңгайланышуусунун негизги физиологиялык реакциялардын жыйындысы.

Бул адаптациянын негизинде организм суукка, жылуулукка, басымдын, кычкылтектин жетишсиздигине ж.б. факторлордун өзгөрүүсүнө туруктуулугу жогорулайт.

Морфологиялык адаптациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул адаптациялар организмдин түзүлүшүнүн өзгөрүүсү менен коштолот (мисалы, чөл өсүмдүктөрүнүн жалбырагынын өзгөрүүсү).

Морфологиялык адаптациялар өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жаны жашоо формаларын түзүлүшүнө алып келет.

Кылык-жорук (этологиялык) адаптациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этологиялык адаптациялар особдордун ошону менен бирге эле түрдүн сакталып калышына багытталган кылык жорук реакциялар.

Мындай реакцияларга:

  • коркунучтан качуу, өзүн өзү коргоо,
  • тукумун багуу,
  • агрессия жана коркутуучу позалар, ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • EKOLOJİ ÇEV-150. 2. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva