Адашбек Кыдырмаев

Википедия дан

Кыдырмаев Адашбек [17. 4. 1943, Чүй облусу, Жайыл (мурдагы Калинин) району, Эриктүү айылы] — айыл чарба илимдер доктору (2000), профессор (2002).

К. И. Скрябин атындагы КАЧИни (1970), Кыргыз мал чарба ИИИнин аспирантурасын (1974) бүтүргөн.

Эмгек жолун (1962) колхоздо бухгалтер, зоотехник болуп иштөө менен баштаган. 1970-83-ж. Кыргыз мал чарба ИИИде илимий кызматкер. 1974-83 Сокулуктагы асыл тукум завод-тажрыйба чарбасынын директору. 1983-86-ж. Панфилов р-ндук советинин төрагасы, 1986-91-ж. партиянын Талас р-ндук к-тинин биринчи секретары. 1991-93-ж. КРдин айыл чарба жана азык-түлүк министри, 1993-жылдан КРдин Мамлекеттик асыл тукум мал чарбасы боюнча илимий-өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору жана Кыргыз мал чарба ИИИнин директору. КРдин Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын (1985-90, 1990-95), Чүй облусу Кеңешинин (1995-99) депутаты. Мал чарба селекциясы боюнча адис. 150дан ашык илимий эмгектин, андан ичкери 2 монографиянын, 14 ойлоп табуунун, 12 китептин автору. КРдин айыл чарбаа Эмгектери сиң. кызматкери. «Ардак Белгиси» ордени жана Даңк медалы менен сыйланган. Эмгектери: Сүт өндүрүүнү ургаалдаштыруунун натыйжалуулугу. Ф., 1981; Материнская наследственность и физиологический подход в селекции молочного скота. Б., 2007; Уй чарбачылыгы (бодо малды өстүрүү жана асылдандыруу). Б., 2008.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]