Адгезия

Википедия дан

Адгезия (лат. adhaesio - жабышуу) – катуу же суюк заттар беттеринин бири бирине жабышышы. Беттери тегиз эмес катуу заттарда (тийишүү бети аз) адгезия анча бекем болбойт. Ал эми катуу зат менен суюктуктун же аралашпай турган эки суюктуктун беттери толук тийишкендиктен, адгезия бекем болот. Бекем адгезия катуу заттар жумшак же ийилгич абалында басым алдында алынат. Мисалы, резинаны чаптоо, металлды муздак ширетүү, гальваникалык каптоо. Зат бетинде оксид же сульфид катмарынын пайда болушу да бекем адгезияны түзөт. Металлды ширетүү, данакерлөө, каңдоо, чайкоо, бетине лак жабуу, чаптоо иштери адгезияга негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]