Адгезия (физика)

Википедия дан

Адгезия (физика) – ар түрдүү заттарды бири бирине тийиштиргенде пайда болуучу байланыш.

Адгезиянын жеке учуру бирдей заттарды тийиштиргендеги пайда болгон байланыш аутогезия деп аталат. Адгезия жана аутогезия учурунда заттардын ортосундагы фазаларынын айырмасынын чеги сакталат. Ал эми когезия заттын ичиндеги бир фазанын чегиндеги байланышты аныктайт.

Адгезия тийишип турган нерселердин табиятына, алардын беттеринин касиеттерине жана тийишүү аянтынын чоңдугуна көзкаранды.

Адгезия молекулалар аралык тартылуу күчтөрү менен аныкталат. Эгерде нерселердин бирөө же экөө тең электр менен заряддалса, о. эле нерселер тийишкенде донор - акцептордук жана химиялык байланыштар пайда болсо, Адгезия күчөйт.

Адгезия тийишкен беттерди активдештирүү, б. а. алардын энергетикалык абалын жана жылмакайлыгын сүргүлөө, эритмелер менен жууп тазалоо, боштук (вакуум) түзүү, электр-магниттик нурландыруу, иондор менен аткылоо жолдору аркылуу күчөтүлөт. Адгезияны аныктоочу ыкмалардын тобу адгезиометрия, ал эми аны ишке ашыруучу куралдар адгезиометрлер деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]