Аддисон оорусу

Википедия дан

Аддисон оорусу (коло оорусу) — бөйрөк үстүндөгү без кыртышынын иштеши начарлоодон пайда болгон эндокрин оорусу. Мында, көбүнчө эки бөйрөктүн тең бездери жабыркап, тамак сиңирүү жана жүрөк-кан тамыр системасынын ишин, туз, суу алмашууну ж. б. жөнгө салууда өтө маанилүү болгон кортизон жана альдостерон гормондорун бөлүп чыгаруу азаят же токтойт. Биринчи жолу 1849-ж. англиялык врач Аддисон сыпаттап жазган. Бул оору менен көбүнчө 20—40 жаштагылар ооруйт. Демейде бөйрөк үстүндөгү бездин туберкулёзу себеп болот. Андан тышкары бул ооруну бөйрөк үстүндөгү безге кан куюлуу, ириңдүү сезгенүүлөр, шишиктер ж. б. пайда кылат. Аддисон оорунун мүнөздүү белгиси — меланин пигментинин жыйылышынан териде пайда болгон коло түс жана былжыр челдеги кочкул тактар. Пигментация дененин ачык жерлеринде жана кийим өйкөгөн жерлерде күчөйт. Оорулуу тез чарчайт, баш ооруйт, алы кетет, ачуусу тез келип, уйкусу качат, тамакка табити тартпайт, жүрөк айланып, кусат, ич өтөт же катат, арыктайт. Аддисон оорусу — демейде өнөкөт оору, бирок кээде катуу кармап, өтө тез дарылоо чараларын жүргүзүү талап кылынат. Ооруну күчөтпөө үчүн врачтын көрсөтмөлөрүн так аткаруу, жугуштуу оорулардан, уулануудан, травмадан сак болуу керек. Оорулууларга нервдик-психикалык жана күч эмгеги жарабайт. Тамакаш ар түрдүү болуп, кайнатма туз жана витаминдерге (өзгөчө С витаминине) бай болууга тийиш. Дарылоону врач жүргүзөт; ал бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын функциясын жакшыртууга багытталат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8