Аджанта

Википедия дан
Аджанта.

Аджанта - Батыш Индияда Вахор дарыясынын өрөөнүндөгү аскага чегилип жасалган будда монастырынын үңкүр комплекси. Анда чайттардан (храм) жана вихарлардан (келье) турган 30га жакын жайлар курулган. Аджантадагы эстеликтер негизинен биздин замандын 4-5-кылымына, ал эми 5 залы (ошол мезгилдеги дубалга тартылган сүрөттөрдүн бир бөлүгү сакталып калган) биздин заманга чейин 2-1-кылымга таандык. Аджанта үңкүрү айбанаттар жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү, ошондой эле буддалык уламыштардан алынган мотивдер менен кооздолуп, скульптура менен архитектуранын бирдиктүү айкалышынан турат. Аджантадагы кайталангыс оймо-чиймелер, турмуштук байкоолорго, өткүр фантазияга жана композициялык көркөмдүккө бай кооздугу Индиянын ошол кездеги көп жактуу турмушун чагылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Калып:KZ-settlement-stub