Адиабата процесси

Википедия дан

Адиабата процесси — системада тышкы чөйрө менен жылуулук алмашпастан өтүүчү термодинамикалык процесс. Адиабата процесси жылуулук өткөрбөөчү (адпабаталык) катмардуу системаларда болот. Мисалы, тышкы чөйрө менен жылуулук алмашууга үлгүрбөй турган системада өтө тез өтүүчү процессти, вакуумдагы зат менен жүргүзүп жаткан тажрыйбаны адиабата процесси деп айтсак болот, себеби идиштин ичи сырткы чөйрөдөн жылуулук өткөрбөйт, ошондой эле жогору көтөрүлгөн аба атмосфералык басымдын ылдыйлашы менен адиабаталык кеңейет. Бул абанын муздашына алып келет. Адиабата процесси кайталанышы (Еайталанма процесс) жана кайталанбашы (Еайталанбоочу процесс) мүмкүн. Адиабата процесси негизинен системанын ички энергиясынын өзгөрүшүнө, системага карата же системанын тышкы чөйрөгө карата аткарган жумушуна көзкаранды. Ал изотерма процессинен айырмаланып, турактуу температурада өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1