Ади Шамир

Википедия дан

Ади Шамир (англ. Adi Shamir, иврит тилинде: עדי שמיר‎‎; 1952-жылы 6-июль) – израильдик шифрлөөчү. RSA алгоритминин кош-ойлоп табуучусу (Рон Ривест жана Леонард Адлеман менен бирге), Feige–Fiat–Shamir таану схемасынын кош-ойлоп табуучусу (Уриэль Фейге жана Амос Фиат менен бирге), окумуштуу дифференциалдуу криптоанализдин ойлоп табуучуларынын бири, ошондой эле Шамир криптография менен информатика илимдерине чоң салым кошкон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тель-Авивде туулган Шамир 1973-жылы Тель-Авивдин университетинде математика адистигинин бакалавр даражасын алган, ал эми 1975-жылы Вейцман институтунун информатика илими боюнча магистр даражасын алган, 1977-жылы доктордук илимий даражасын алган. Окумуштуунун диссертациясынын темасы: "Fixed Points of Recursive Programs and their Relation in Differential Agard Calculus" болгон. Бир жылдан кийин Шамир Уорик университетинде постдок катары иштегенден соң Массачусетс техникалык институтунда 1977-1980-жылдар арасы илимий изилдөөлөр менен алек болгон. Кийин окумуштуу Вейцмар институтуна кайрадан кайтат. 2006-жылдан тартып Шамир Париждеги Жогорку ченемдүү мектебинде атайын чакырылган профессор катары иштеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шамир көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде:

  • Ривест менен Адлеман менен бирге, криптографияга кошкон салымы үчүн 2002-жылкы Түриң сыйлыгы
  • Каннелакис сыйлыгы;
  • Израильдин математикалык коомчулугунун Эрдёш сыйлыгы,
  • 1986-жыл, IEEE институтунун Ричард У. Хэммингтин медалы
  • UAP Scientific Prize сыйлыгы;
  • Пия XI алтын медалы;
  • 2000-жылы, IEEE институтунун Кодзи Кобаяси атындагы компүтер жана коммуникация сыйлыгы
  • 2008-жылы, информатика илиминин жаатындагы Израильдин сыйлыгы.
  • (Математика адистигинин доктордук илимий даражасы), Ватерлоо университети
  • 2017-жылы, (33чү) криптография илиминин баштапкы изилдөөлөрү менен маалыматтык коопсуздугуна кошкон салымы үчүн Электроника, информатика жана коммуникация жаатындагы Жапониянын сыйлыгы.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]