Административдик камкорчулук

Википедия дан

Административдик камкорчулук (Көзөмөлгө алуу) – бир катар чет өлкөлөрдүн конституциялык укугунда борбордук өкмөттүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көзөмөл жүргүзүүсүнүн бир түрү. Өкмөт тарабынан дайындалган адам (префект, губернатор ж. б.) жүзөгө ашырат. Административдик камкорчулукту жүзөгө ашыруучу адам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыйзамсыз актыларын жокко чыгарууга, анын органдарынын кандайдыр бир аракеттерине тыюу салууга, болбосо, сөзсүз аткарылуучу көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]