Адопция

Википедия дан

Адопция (лат. adoptio - «багып алуу») - жеке кишини жана адамдардын тобун үй-бүлөнүн, уруктун, уруунун курамына кабыл алуу. Алгачкы коомдун эрте мезгил доорунда пайда болуп чарбалык-экономикалык жана диний зарылчылыктардан, айрым учурларда баласыз үй-бүлөдө уруктагы мураскерликти улантуучу катары асырап багып алуу кабыл алынган. Алгачкы коомдун ыдырап, бузула баштаган мезгилинде уруу башчыларынын ортосунда өз ара ынтымак келишимин түзүүдө да колдонулган. Адамзат коомунун өнүгүшүнүн «аскердик демократия» деп аталган доорунда жеке жана жамааттык адопция күч алган. Аскердик кагылышууларда жеңген тарап майда жана башка уруктарды (урууларды) өз курамына сиңирген. Бул процессти түрк-монгол элдери, анын ичинен кыргыздардын уруулук курамдарынан байкоого болот. Мисалы, генеалогиялык маалыматтар боюнча сары багыш уруусунун курамындагы кутчу(кушчу), моңолдор (кернейчи), мундуз, көбөн, токо, бокбасар, бүркүт ж.б. уруктар сырттан келип кирген этнокомпоненттер болушат. Ошону менен бирге, калмак, калмакы, могол, монгол, казак, уйгур, манжы ж.б. кыргыздарга жуурулушкан этностук компоненттер экендиги маалым. Адопция салты боюнча кыргыз санжырасында кенен маалыматтар бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]