Адреналин

Википедия дан
Адреналин.

Адреналин [1 -(3,4 - диоксифенил) – 2-метиламинэтанол (лат. аd -жанында, renalis -бөйрөктүн), 1901-ж. бөйрөк үстүндөгү безден кристалл түрүндө бөлүнүп алынган. Структурасы:

Мол. масс. 183,21. Эрүү t 215-216оС Эки оптикалык изомери кездешет. А. ысык сууда жакшы, орг. эриткичтерде начар эрийт. А. бөйрөк үстүндөгү без, мээ катмарлары клеткаларынан иштелип чыгуучу биологиялык активдүү гормон болуп саналат. Ал кан аркылуу органдарга тарап, өзүнүн физиологиялык таасирин тийгизет. А. канда 0,06 мкг/л жакын, бирок адамдар жана жаныбарлар бир нерседен катуу чочуганда, бири- бири менен күрөшкөндө же адамдар өтө сүйүнгөндө, же капа болгондо анын концентрациясы бир сек. 1000 эсеге көбөйөт. Ошонун натыйжасында организм тигил же бул кубулуштарга ыңгайланышат. А. гомологдору – норадреналин, изопропиладреналин табылган. Булар углеводдордун, белоктун, майлардын алмашуусун жөнгө салуу менен жүрөк, кан тамыр, дене булчуңдарынын, ички органдар иштешине көмөк көрсөтөт. А. жана анын гомологдорунун биосинтези ферменттер катышуусунда тирозинден башталат. А. пирокатехинге окшош мүнөздүү реакцияларга кирет, мис., окистенгенде о-хинон туундуларын, FeCI3 менен жашыл түстөгү затты пайда кылат. А.гидрохлориди медицинада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]