Адык, урук

Википедия дан

Адыктынымсейит уруусунун курамындагы урук.[1] Этноним сөздүн байыркы формасын сактап калган. Энчилүү атты байыркы замандардан белгилүү жана кенен таралган тотемдерден болгон "аюу" менен байланыштырууга болот. С.М. Абрамзондун далилдөөсүндө "адыг" — мааниси "аюу" дегенди аныктаган тотемдик этноним.[2] Аюу — байыркы түрк тилдеринде сүйлөгөн урууларда, элдерде “адыг”, “азыг” формаларында кездешет. Тувалардын тилинде аюу — “адыг”, хакас диалектилеринде “азыг”, “адыг” деп айтылат.[3] Түштүк Сибирдин түрк элдерннде аюуга тотем-жаныбар катары сыйынуу өтө кенен таралганы маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2
  1. Абрамзон, 105
  2. Абрамзон, 1946, -№ 3, 126; История Кыргызской ССР. Т.1, 1984, 440
  3. Щербак,1961, 131