Адыр-Төр, тоо

Википедия дан

Адыр Төр тоо — Борбордук Теңир тоонун түндүк-чыгышында. Сарыжаз суусунун алабындагы Семёнов жана Мушкетов мөңгүлөрүн бөлүп турат. Узундугу 34 км, туурасы 8 км. Орточо бийиктиги 4420 м, эң бийик жери 4657 м. Негизинен карбондун акиташ, сланес тектеринен турат.

Рельеби асимметриалуу: түштүк капталы Адыр Төр суусу менен Мушкетов мөңгүсүн карай тигирээк, түндүгү Сарыжаз өрөөнүн карай жантайыңкы. Түндүк капталы мөңгүлүү, кыска өрөөндөр менен тилмеленген. Мөңгүлөрдүн жалпы айанты 49 км² . Тоо этегине бийик тоолуу шалбаалуу талаа (3100– 3500 м бийиктикте), андан жогору нибалдык ландшапт алкактары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]