Ажайыпкана ("Манас" эпосу)

Википедия дан
Манас Алоокенин ажайыпканасында.

Ажайыпкана - (арабча «эджайеб» — укмуштуу, иранча «хана» — үй) — ар түрдүү жапайы айбанаттар менен канаттуулар багылган жай. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Анжыянды бийлеген Алоокенин чарбагындагы «падышалык салтанат үчүн багылган» түрдүү жаныбарлар, мурда киши көрбөгөн, аты-затын да укпаган мифтик-фантастикалык жандыктар бар А. сүрөттөлөт. Алооке кан өзүнө жакпаган адамдарды, элге жан тарткан баатырларды А-га киргизип, жырткычтарга талатып өлтүрүп жүргөн. Алооке канга ата конушумду, жер-суумду бошот, болбосо согушамын, — деп келген Манас баатырды жекеме-жеке кармашта жеңе албастыгын сезип, аны жок кылуу үчүн кырк чоросу менен бирге А-га киргизет. А-дагы Алоокенин аябай ишенген ажыдаары да Манаска даай албай коёт (Сагымбай Орозбаков, 2. 189—190). Алар Манастын тотем (Жакып менен Чыйырдынын түшүнө кирген, кийин Манастын тотемине айланган ажыдаар, алп кара куш, көсөө куйрук көк арстан, кара чаар кабылан, жолборс) жаныбарларынан коркуп кол сала алышпайт. "Манас" эпосунда чагылдырылган бул окуя байыркы заманда эле элибиздин А-дан кабары бар экенин билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4