Ажыбек Токтобай уулу

Википедия дан

Ажыбек Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, Ат-Башы жергеси - 1856, Какшаалдын Кулаган деген жери) - манап, 19-кылымдын 1-жарымында черик уруусун башкарган. Атасы Токтобай белгилүү мүлүшкөр болгон. Анын уулдарынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт кашкасы» аталган. Ажыбектин баатырдыгы элдик санжыра боюнча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Ат-Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817-18-ж.). Бул жортуулдан 1012 ж. өткөн соң гана 1831-ж. Хаккула миңбашы мындагы кыргыздарды жазалоо ж-а Коконго каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1831-ж. Атбашы өрөөнүндөгү Чекендинин талаасында, 1832-ж. Аксайдагы Чычаардын бели менен Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасында «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери менен кыргыздардын ортосунда салгылашуу болуп, А. баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Хаккула миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички Теңир-Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847-ж. Кенесары Касым уулу баштаган казактардын кыргыздарга жасаган чапкынында Ажыбек баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал Ормон хан м-н үзөңгүлөш жүргөн адамдардан болгон. Кезинде Ормон хан Ажыбек менен куда болуп, уулу Чаргынды баатырдын жакын тууганы Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты - Кашкар, Кулжа, Турпан ж. б. шаарларга кыргыз айылдарын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алардан акы алуу менен элин баккан. Кашкардан билимдүү кожо-молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, колөнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. 2000-ж. Ажыбек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип, Атб-Башыда эстелиги орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1