Ажыдаар

Википедия дан
Ажыдаар

Ажыдаар, ошондой эле Улун, Желбүкө (Түрк сөздөр жыйнагы: يتي باشلق يلبكا жети баштуу желбүкө. М.Кашкари) — Мифологиялык жаныбар. Элдик жомоктордо учуроочу, адамды да, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан канаттуу, зор (кээде көп баштуу) жылан. Ажыдаардын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жамандык да кылуучу жаныбар катары пайда болгон. Мисалы, «Манас» эпосунда ажыдаар суунун жана жаан-чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1