Ажыке ангидрит кени

Википедия дан

Ажыке ангидрит кени - Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Кара-Кулжа кыштагынан 25 км аралыкта, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңгээлинен 2020-2179 м бийиктикте жайгашкан. 1986-ж. геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмөтектер түзөт. Кендүү катмар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринин арасында жайгашкан. Ангидрит катмарынын узундугу 1,5 км, калыңдыгы 10 м. Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок алуу мүмкүнчүлүгү 50% ке жетет. 1 м3 блоктон 15-20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого ж-а кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы С1+С2 категориясы боюнча 1857,4 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1