Ажыраткыч (электрдик)

Википедия дан

Ажыраткыч (электрдик) - обочолоткучка (изоляторго) бекитилип, кыймылдуу жана кыймылсыз тиймектерден турган электр техникалык түзүлмө. Анын негизги кызматы электр тизмегинин кээ бир бөлүктөрүн агын (ток) жок кезде ажыратуу жана алмаштырып бириктирүү. Ажыраткыч электр тизмегинде көрүнүүчү ажырымды түзөт жана жогорку чыңалуудагы бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдүн өчүрүлгөн бөлүгүндө негизинен утурумдук жана оңдоо ишин жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылат. Ажыраткычтын чабылуучу (6 - 10кВтук чыңалууда, бычагы кыймылдуу тиймектик тегиздикте чабылат), айлануучу (35 кВтон 500 кВко чейинки чыңалууда, бычагы жерге жарыш тегиздикте айланат), пантографтык (чыңалуусу 500-750 кВтук, бычагы пантограф түрүндө жыйналып-жазыла турган), асылма жана башка түрлөрү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1