Азаматов Төлөгөн (Калдыбек)

Википедия дан

Азаматов Төлөгөн (Калдыбек) - Жыгаччы. 1947-ж. Талас районундагы Арал айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин үйдөн уздануучу чебери. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Ага мектептеги мугалими (кол эмгек боюнча) немец уулу Давиддин таасири тийген. Уста жыгач буюмдарына жердик үчүн карагайды, теректи, кайынды пайдаланат. Аларды араалоо, тилүү, кургатуу өңдүү даярдыктарды кеч күздө же эрте жазда жүргүзөт. Аспап куралдарын буюм-үлгүлөрдүн ыңгайына жараша өзү жасап алат. Төлөгөндүн бешиктери ар дайым сатуу көргөзмөсүнө чыгат. Анын бешиги беш бөлүктөн (тууру, таманы, жаасы, эки жаны, аягы) турат да, бир эле бешик үчүн карагайды, теректи, кайыңды бирдей пайдаланат. Ал кырма идиштерине да узанат. Т. Азаматовдун нускоочусу Р. Апышов. Жергиликтүү жыгачтарды табы менен кургатуу, салттуу буюм чабууда мурунку усталардын ыкмаларын өркүндөтүп, өзүнө таандык үлгүлөрдү жаратууда. Эмгеги баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Бешик үлгүлөрү менен катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0