Азар-түмөн

Википедия дан

Азар-түмөн (иранча хазар — миң; түрк-моңголчо түмөн — он миң) — "Манас" эпосунда көптүктү (аскер, эл, мал жана башкалар) туюндуруучу сан эсебинде эсепсиз, сансыз деген мааниде көп колдонулат. Мисалы, «Аз гана эмес мол менен, Азар - түмөн кол менен, Баштап келип калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 38). Алтын-күмүш зар калды, Аңдабай күттүм жалганды, Айры менен нар калды, Азар - түмөн мал калды (Сагымбай Орозбаков, 3. 27).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4