Аземкулов Шаршеналы

Википедия дан

Аземкулов Шаршеналы (7. 11. 1937, 8-Март кыштагы - 2009, ошол эле жер) - эл агартуунун отличниги, жетекчи кызматкер.

  • Кыргыз Мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн (1962).
  • Эмгек жолун 1962-ж. Миң-Куш орто мектебинде мугалим болуп баштаган.
  • 1964-ж. Суусамырдагы 8-Март орто мектебинде химия-биология мугалими, 1965-69-жылдары мектептин директору болуп иштеген.
  • Бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • 1990-жылдан «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси.
  • 1997-ж. ардактуу эс алууга чыккан.
  • Мойнок уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9