Азиддер

Википедия дан

Азиддер – суутек нитриди к-таларынын NH3 туундулары. Орг. эмес А. - Х(N3)n. Х - металл, n - анын окистенүү даражасы. Сүрүлүү, урунуу, ысытууда жарылуу менен ажырайт (щелочтуу, щелочтуу жер металлдары А. башкасы). Алар металлдын туздары менен NaN3 аракеттенүүсүнөн алынат. Орг. А-ге алкил жана арил А-и RN3 жана ацилазиддер RC(O)N3, кирет. Көпчүлүк орг. А., айрыкча курамында 25 % көбүрөөк азиддик N бар. А. ысытуудан, урунуудан жарылат. Алкил жана арил А. N2 бөлүп чыгуу менен триазенге жана аминге чейин калыбына келет. Алкилгалогениддердин же диалкилсульфаттардын NaN3 менен аракеттенишинен, олефиндерге НN3 кошулушунан, НNO RNHNН2 таасир этүүдөн алынат. Ацилазиддер N2 оңой эле бөлүп, изоционатка өтөт. К-талардын хлорангидриддеринин NaN3 менен аракеттенишинен алынат. Гетероциклдүү бирикмелер, изоционаттар, аминдер, пептиддер синтездөөдө колдонулат. Кээ бир өкүлдөрү – гербициддер, көпчүлүгү уулуу заттар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]