Азиза Миңжылкыева

Википедия дан

Миңжылкыева Азиза Умаровна (1960-ж. .т. Аксы району) - балет артисти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген арт.

  • 1970-79-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган.
  • 1978-ж. Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында балет артисти болуп иштеген. «Ак куу көлүнөн» испан бийин, па де труаны, чоң ак кууну, «Чолпондон» Айдайдын, «Жизелден» Миртанын, «Чоң вальстан» Фаннинин ж. б. башкы партияларды бийлейт.
  • 1995-2000-ж. Кыргыз улуттук консерваторияда Э. Мадемиловадан балетмейстерлик адистикти бүтүргөн. Опера жана балет театрында иштөө менен бирге Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында педагог болуп эмгектенет.
  • М. Глинканын «Арагон хотасы», Глазуновдун «Панадрес», Бородиндин «Чыгыш бийи» ж. б. концерттик номерлерди койгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.