Азимов Пигам Азимович

Википедия дан

Азимов Пигам Азимович (1. 1. 1915-1980) түркмөн тилчиси, Түркмөн ИАнын академиги (1951). 1966-ж. чейин Түркмөн ИАнын Президенти. Азимовдун негизги эмгектери түркмөн тилинин грамматикасы, лексикасы жана сөз жасалуусуна арналган. ЖОЖдор менен мектептер үчүн окуу китептердин да автору. «Түркмөн дили» (1950) деген белгилүү эмгеги бар. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1