Азиреил

Википедия дан

Азиреил — диний түшүнүк боюнча жан алгыч, кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жердеги адамдардын санына барабар көз жана тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отурган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай Адамды жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил жана Исрафил периштелер алып келе албай коюшат. Муну Азиреил ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жалган дүйнөдөн дүйнөгө» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны денинен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондуктан Азиреил көп учурда Кудайга кайрылат деп айтылат. Миф боюнча Муса көпкө чейин Азиреил менен кармашып, каршылык көрсөткөн делет. Азиреил жөнүндө алгачкы маалыматтар библиялык мифологияларда, иудей булактарында, кийин Куранда айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1