Азирети Али

Википедия дан

Азирети Али (ар. Аали бинАли ибн Абу Талиб балалык чагы

Пайгамбарыбыздын (сав) аталаш агасынын уулу, күйөө баласы жана төртүнчү халифа. Атасы Абу Талиб, энеси Фатима бинти Асад, чоң атасы Абдулмутталиб болгон. Негизинен аты Абутураб (топрактын атасы деген маанини билдирет), лакап аты Хайдар, Амирул-Муминин наамы менен белгилүү болгон. Мындан тышкары “Асадуллах”, б.а., «Аллахтын арстаны» деген наам менен белгилүү болгон. Азирети Али жаш мезгилинен баштап пайгамбарыбыздын (сав) жанында өскөн. Он жашында Исламды кабылдаган. Азирети Хадижадан кийин алгач мусулман болгон азирети Али эле. Ал бир күнү пайгамбарыбыз (сав) менен Азирети Хадижанын ибадат кылып жатышканын көрөт. Ага пайгамбарыбыз (сав) ширктин (Аллахка шерик кошуу) жаман экенин, тавхиддин (жалгыз Аллахка ишенүү) маанисин түшүндүргөндө, ал дароо мусулман болот. Мекке доорунда дайыма пайгамбарыбыздын (сав) жанында жүргөн. Ал Каабадагы буттарды талкалаганын төмөнкүчө эскерген: «Бир күнү пайгамбарыбыз (сав) менен Каабага бардым. Пайгамбар (сав) менин мүрүмө чыгууну каалады. Бирок, мен аны көтөрө албадым. Ошондо, ал мени ийнине чыгарып, көтөрдү. Каабанын үстүндө бир бут бар эле. Аны кулаттым. Бут кулап жерге түштү, талкаланды. Пайгамбардын (сав) мүрүнөн жерге түштүм. Экөөбүз кайра артка кайттык». Пайгамбарыбыз (сав) эң жакын ага-ини туугандарына Ислам динин айтып, аларга акыйкатты билдирген. Алла Таала тарабынан буйрук алгандан кийин, аларды Сафа дөңсөөсүнө топтоп, Аллахтын буйруктарын айтканда, Курайш мушриктери аны мыскылдашат. Экинчи жолу чогулууну азирети Али уюштурат. Ал бир зыяпат даярдап, Хашим уулдарын чакырат. Пайгамбарыбыз (сав) тамактанып бүтүшкөндөн кийин аларга мындай дейт: «Эй, Абдулмутталиб уулдары, мен силерге жана бардык инсандарга жиберилгенмин. Араңардан ким мага бир тууган жана досум катары ишенип, жардам берүүгө убада берет?». Ошондо, бир гана азирети Али ордунан туруп, пайгамбарыбыздын (сав) айткандарын кабылдап, ага убада берет. Мындан улам, пайгамбарыбыз (САВ): « Сен менин бир тууганымсың жана вазиримсиң»,- деп, азирети Алини мактайт. Пайгамбарыбыз (сав) хижраттан мурун колундагы аманаттарды өз ээлерине тапшырууну азирети Алиге таштайт. Ошол күнү азирети Али пайгамбарыбыздын (сав) төшөгүндө жатып, мушриктерди таң калтырат. Мына ошентип, азирети Али пайгамбарыбызды (сав) өлтүрүүгө келишкен мушриктерди алаксытуу максатында өз жанын тобокелге салган жана пайгамбарыбыздын (сав) Меккеден алыстап кетүүсүнө себеп болгон. Азирети Али пайгамбарыбыздын (сав) аманаттарын өз ээлерине тапшыргандан кийин Мадинага хижрат кылган. Мадинада да дайыма пайгамбарыбыздын (сав) жанында жүргөн. Бардык согуштарага катышкан. Ухудда аскер башчысы болгон. Бадрда тууну көтөрүп жүргөн. Ошондой эле, чалгындоо бөлүгүнүн башчысы эле. Ал аталган согушта душмандын негизги күчүн тактап, пайгамбарыбызга (сав) билдирип турган. Өзүнүн милдетин толугу менен аткарган азирети Али Бадр согушунда өзүнүн баатырдыгын көрсөткөн. Бадр согушу башталардан мурун Курайштар менен жекеме-жеке чыккан үч кишинин бири эле. Ал Валид бин Мугираны кылычы менен өлтүрүп, азирети Убайда оор абалда калганда ага жардамга барган. Ага ушул согушта: «Аллахтын арстаны» деген лакап ат, бир кылыч, бир калкан жана бир төө олжого берилген. Азирети Али Бадр согушунан кийин пайгамбарыбыздын (сав) кызы азирети Фатима менен баш кошот. Алардын никесин пайгамбарыбыз (сав) өзү кыйган. Ошондон кийин пайгамбарыбыз (сав) менен бир үйдө жашаган азирети Али башка үйгө бөлүнүп чыккан. Азирети Алинин азирети Фатимадан үч уул, эки кызы болгон.

Али ибн Абу Талибтин баатырдыгы[

Хижраттын 3-жылы Ухуд согушунда жаачылардын айынан мушриктер мусулмандарды арттан курчоого алышкан жана пайгамбарыбыз (сав) жараланып, бир чуңкурга кулап түшкөн. Ошондо, душмандар «пайгамбар өлдү» деген жалган кабарды жайылтышат. Бирок, азирети Али пайгамбарыбыздын (сав) жанына келип, аны коргоого алган. Эки тарап тең жеңишке жетпеген бул согушта азирети Али көп жеринен жараланган. Ухуд согушунан кийин «Бани Надр» жөөттөрүнүн кыянаттарынын эсебин суроо менен болгон согушту азирети Али өзү башкарган. Бардык кагылышууларда азирети Али баатырдыгын көрсөтүп, мушриктердин эң белгилүү баатырларын өлтүргөн. Худайбия келишиминде тынчтык шарттарын жазууда азирети Али башчылык кылган. Ал тынчтык келишимин төмөнкүчө жазып баштаган: «Мээримдүү, Боорукер Аллахтын ысмы менен! Мухаммед Аллахтын Элчиси…». Мушриктер бул башталышка каршы чыгышат. Алар «Мухаммед Аллахтын Элчиси» деген жерге «Мухаммед бин Абдуллах» деп жазылуусун талап кылышат. Бирок, азирети Али «Расулуллах» деген сөздү жазууга аракет кылат. Азирети Али Меккенин мусулмандар тарабынан өткөрүп алынысуунда да туучу болот. «Кеда» жумушун аткаруу менен Меккеге кирген. Мекке кан төгүүсүз мусулмандарга өткөн. Азирети Али ж.б. сахабалар пайгамбарыбыз (сав) менен Каабадагы буттардын баарын талкалашкан.

·        Мекке алынгандан кийин пайгамбарыбыз (сав) Халид бин Валидди Бану Хузайфа уруусуна жиберген. Аталган уруу сабаттуу эле, андыктан «мусулман болдук» маанисиндеги «асламна» сөзүнүн ордуна «саббана» дегендиктери үчүн Халид бин Валид ачууланып, алар менен согушкан. Пайгамбарыбыз (сав) бул окуяны укканда аябай кайгырат. Азирети Али бул катачылыкты толуктоо үчүн милдеттендирилет. Хунайн кагылышуусунда мусулмандар күчүн жоготуп алышат. Сандары миңге жетсе да араларында саналуу киши гана сабыр кылышып туруштук беришкен. Азирети Али аталган согушта бир гана сабыр кылуу менен чектелбестен баатырдыгын жана башкаруучулугун көрсөтүп Ислам жоокерлерин айланасына топтоого жетишкен.

·        Пайгамбарыбыз (сав) хижраттын 9-жылында Табук жортуулуна чыгардын алдында азирети Алини өзүнүн үй-бүлөсүн жана туугандарын коргоосу үчүн Мадинага таштаган. Азирети Али бул жортуулга катыша албай калганына кайгырат. Мындан улам, пайгамбарыбыз (сав) ага: «Мусага Харун кандай болсо сен да мага ошондой болууну каалабайсыңбы?»,- дейт. Азирети Али бул сөздөрдү уккандан кийин кубанып калат. Йемен аймагынын Исламга кирүүсү оор болгон. Ал милдет кайрадан азирети Алиге берилген. Азирети Али: «Өтө оор милдет!»,- деген. Мындан улам, пайгамбарыбыз (САВ): «Йа Рабби! Алинин тили, котормочулугу жана жүрөгү хидаят (туура жол) нурунун булагы болсун»,- деп дуба кылат. Азирети Али Йеменге карай жөнөп кетет. Көп өтпөй анын адамдарды жамандыктан кайтаруу жакшылыкка чакыруу иш аракеттеринен улам Йемендеги бардык Хамадан уруусу мусулман болушат. Азирети Али пайгамбарыбыз (сав) дүйнөдөн кайтканда, анын үйүндө сахабалар менен чогуу болгон. Азирети Абу Бакр халифалыкка дайындалганда азирети Али пайгамбарыбыздын (сав) кичинекей бөлмөсүндө аны кепиндөө менен алектенген.

Али ибн Абу Талиб Умар(р.а) доорунда

Азирети Али азирети Умар халифа болуп турганда мамлекеттин укуктук иштери менен алектенип, Ислам мамлекетинин башкы казылыгынын милдетин аткарган. Азирети Умар дүйнөдөн кайткандан, кийин халифа дайындоодо талапкерликке көрсөтүлгөн алты кишинин эң акырында калган эки талапкердин бирөөсү эле. Азирети Усман халифа болуп турганда башкаруу органына ыраазы болбой, Ислам мамлекетинин ар түрдүү аймактарынан келген арыздарды дайыма азирети Усманга билдирип, ал маселелерди чечүүгө сунуштарын айтып турган. Ал азирети Усманды курчоого алгандарды элдештирүү үчүн колунан келген аракетин жасаган. Азирети Усман дүйнөдөн кайткандан кийин Ислам мамлекетинин кадыр барктуу адамдары халифалыкка татыктуу деп табышкан. Бирок, анын бул доору Аллахтын сыноосу катарында өтө башаламан, оор мезгилге туш келген. Халифалыкка өткөндө чечилиши зарыл болгон өтө көп маселелер болгон. Бул баш аламандык Жамал жана Сыффин сыяктуу ички кагылышууларды пайда кылган. Ислам мамлекетиндеги бул келишпестиктерди жоюуда абдан кайраттуулугун көрсөткөн. Акырында Куфада 661-жылы Абдуррахман бин Мулжам тарабынан эрте мененки намазга баратып, жараланат. Бул жаралануунун натыйжасында шейит болот.

Али ибн Абу Талиб илимдуу

Азирети Али дайыма пайгамбарыбыздын (сав) жанында болгондуктан тафсир, хадис жана фыкхта сахабалардын ичинен бийик даражалуу болгондордун бири эле. Мындан сырткары, пайгамбарыбыз (сав) айткандай «илим мамлекетинин эшиги» катары, үммөттүн эң илимдүүлөрүнөн эле.

Али ибн Абу Талиб халиф

Пайгамбарыбыздын (сав) жолунда инсандарды акыйкатка жеткирүү үчүн күч-кубатын сарптаган. Халифалык доорунда ички баш алмандык өкүм сүрүп турса да, Ислам мамлекетинин билим берүү жаатында өтө чоң салым кошкон. Мадинада бийликти толугу менен өткөрүп алгандан кийин, ал жерге бир мектеп ачкан. Араб тилинин грамматикасын үйрөтүүнү Абу Асвад ад-Дуалиге, Куран окутууну жана үйрөтүүнү Абдуррахман ас-Суламиге, табигый илимдер темасында изилдөө жүргүзүүдө Убада бин ас-Самит жана Умар бин Саламаны милдеттендирген. Мамлекеттин башкаруу органдарын жана кызматтарын: финансы, аскер, маркумду узатуу сыяктуу бөлүмдөргө ажыратып башкарган. Финансы иштери топтоо жана таратуу болуп эки бөлүккө бөлүнгөн эмес. Үммөттүн мал-мүлкүн үммөткө таратууда өтө көңүл коюп, кылдат мамиле жасаган. Өзүнө бөлүнгөн үлүшкө да көңүл коюп, эч кимдин акысын албоодо өтө чоң үлгү көрсөткөн. Аны Куфада көргөндөр кыштын суук күнүндө жука кийим менен титиреп, үшүп мечитке баратканын айтышкан. Мамлекет башчысы жана кызматчылары кандай болуу керектиги темасында төмөнкүдөй системаны даярдаган:

1. Элге карата ичиңде дайыма сүйүү жана сылыктык сакта. Аларга бир жырткычка мамиле кылган сыяктуу мамиле кылба жана аларды урушпа.

2. Мусулман болсо да, болбосо да баарына бирдей мамиле жаса. Мусулмандар – сенин бир туугандарың. Мусулман эместер сендей эле адамдар.

3. Кечирүүдөн уялба. Жазалоого шашылба. Сенин буйругуңдун алдында кызмат кылгандардын кемчилдиктерин көрүп дароо ачууланба.

4. Кээ бир адамдар тараптар болбо. Кээ бир инсандарды колдобо. Мындай мамилелер зулумдукка алып барат.

5. Туура, дурус жана назик кишилерди тандаңыз жана бир нерсе кылбастан, кыйынчылыктарды, чындыкты тартынбай, коркпой айта алгандарды танда.

6. Кызматчыларды тандоодо, изилдөөдө шалаакылык кылба.

7. Акыйкатсыздыкка жана адеп-ахлаксыздыкка туш болбоолору үчүн кызматчыларыңа жетишээрлик айлык акы бер.

8. Кызматкерлердин иштерин көзөмөлдөп, жана бул иш үчүн ишенимдүү адамдарды колдо.

9. Каттарга жана суранууларга өзүң жооп бер.

10. Элди өзүңө ишендир жана элди жакшы көргөнүңө ишендир.

11. Эч качан сөзүңдөн жана убадаңдан кайтпа.

12. Майда дүкөнчү жана соодагерлерге көңүл бур, алар үчүн керек болгон мамилени көрсөт. Бирок, аларга казына жыйууга, акча чайкаганга жана мал-мүлк жыйууларына уруксат бербе.

13. Майда-чүйдө иштерге да жардам бер, анткени бул иштериң жакырчылыкты азайтат, жашоонун бир калыпка түшүшүнө шарт түзөт.

14. Дыйканчылык менен алектенгендер мамлекеттин казына булагы болуп эсептелет, андыктан алар корголууга тийиш.

15. Кембагалдарга, оорукчандарга жана жетим жесирлерге жардам берүү ыйык милдетиң экенин эч качан эсиңден чыгарба. Кызматкерлериң аларды капа кылып, аларга жаман мамиле жасабасын. Аларга жардам бер, корго жана жардамга муктаж болгондо алдыңа келүүсүнө тоскоол болбо.

16. Кан төгүүдөн алыс бол. Ислам буйруктары боюнча өлтүрүлбөөсү керек болгондорду өлтүрбө.

Хазирети Али аталган бардык буйруктарды так аткарган, кемчилдиксиз халифа эле. Беш жылдык халифалык доору өтө маанилүү окуялар, согуш жана кыйынчылыктар менен өткөн. Фитналарга каршы акырына чейин туура жолдо сабыр кылуу менен кармашып, акырында шейит болгон. Азирети Али Исламдагы бардык жакшы сапаттарга ээ эле. Анкени ал дайыма пайгамбарыбыздын (сав) жанында жүргөн. Ал Куранды жатка бтлген, мыкты тафсирчи (интерпретатор) жана хадисчи эле. Пайгамбарыбыздан (сав) беш жүздөн ашык хадис риваят кылган. «Элге түшүнө ала турган хадистерди айткыла. Аллах менен пайгамбарыбыздын (сав) жалган болуусун каалайсыңарбы?» - деген (Бухари, илим ).

Азирети Алинин азирети Фатимадан Хасан, Хусейн жана Мухсин аттуу уулдары жана Зейнеп, Умму Күлсүм аттуу кыздары болгон. Азирети Али Жаратканга дайыма ибадат кылган, баатыр, кайраттуу, жакшылык менен жарышкан такыба жана өтө жоомарт болгон. Мадинада мусулмандардын абалы жакшыргандан кийин, азирети Али бир кызматчы алууну ойлоп пайгамбарыбызга (сав) барат. Пайгамбарыбыз (сав) кызы менен күйөө баласына: «Мен силерге кызматчыдан дагы жакшыраагын айтып берейин. Жатарда 33 жолу Аллаху Акбар, 33 жолу Алхамдулиллах, 33 жолу Субаханаллах дегиле»,- деп буюрат.

Бир күнү азирети Алинин үй-бүлөсү аз эле тамак менен дастаркондо олтурушканда эшикке бир тилемчи келет. Алар дастаркондогу тамак-аштарын тилемчиге беришет. Эртеси күнү бир жетимге, үчүнчү күнү бир кулга тамактарын аштарын беришет. Бул окуя үч күнгө созулгандан кийин төмөнкүдөй маанидеги аяттар түшкөн: «Албетте, (дүйнө - тирүүлүгүнөн Аллах Тааланын буйрук – көрсөтмөлөрүнө моюн сунуп өткөн) жакшылар (бейиште) аралашмасы кафур – Аллахтын (жакшы) пенделери иче турган (бейиштеги) булак болгон шарап кеселерден (шарап) ичишет. Алар ал (булакты өздөрү каалаган жерден) чыгарып – агызып алышат. Алар (дүйнө тирүүлүгүндө өз моюндарына алган) – убадаларын толук аткарышат жана жамандык – коркунучтары кең жайылуучу (Кыямат) Күнүнөн коркушат. Жана тамакты сүйүп – каалап турушса да, (өздөрү жебестен) жарды кедей, жетим жана жесирлерди тамактандырышат. (Алар айтышат): «Биз силерди Жалгыз Аллахтын жүзүнөн (Башкача айтканда,, Аллахтын ыраазычылыгын тилеп) тамактандырабыз. Силерден (бул ишибиз үчүн) бир да сыйлык жана алкоо тилебейбиз – күтпөйбүз. Албетте, биз Раббибиз тарабынан боло турган, (коркунучтуу азабынан жүздөр) тырышып, бырышып калуучу бир күндөн коркобуз». Ошондуктан, Аллах аларды ошол Күндүн жамандыгынан сактады жана алардын жүздөрүнө жаркыраган – нур, (дилдерине) кубанычты белек кылды» (Инсан сүрөсү 76/5-11-аяттар). Азирети Алинин «Зулфикар» деп аталган белгилүү кылычы болгон. Аталган кылычтын учу эки ача болгон жана Расулуллах (сав) тарабынан ага белекке берилген. Азирети Алинин жоомарттыгы, инсандык өзгөчөлүгү, Расулуллахка (сав) болгон жакындыгы менен ээ болгон чоң руханий мурасы аны эл арасында жүздөгөн жылдар бою дастандык личностко айландырган. Бир күнү анын төрт дирхамы бар эле. Бирөөнү ачык, бирөөнү жашыруун, бирөөнү күндүз, бирөөнү түнү Аллах үчүн сарптаган жана ал жөнүндө төмөнкү аят түшкөн: «Бул - өздөрүнүн мал-дүнүйө байлыктарын күнү-түнү, жашыруун жана ашкере садага кыла турган заттар үчүн, Жараткандын алдында улуу сооптор бар. Алар үчүн эч кандай коркунуч да жок жана алар кайгы да чегишпейт» (Бакара сүрөсү 2/274-аят).

Азирети Алиден риваят кылынган кээ бир хадистер:

1. Күнөө кылган бирөө өкүнүп, даарат алып, намаз окуп, күнөөсү үчүн Аллахтан кечирим сурасын. Аллах Таала Ниса сүрөсүндө: «Бирөө күнөө кылып, өзүнө зулумдук кылып, андан кийин өкүнүп Аллах Тааладан кечирим сураса, Ал өтө Мээримдүү жана Кечиримдүү»,- буюрган.

2. Мойнунда парз намаздарынан карызы бар бирөө, каза намазын окубай туруп, нафил намаз окуса, аракети текке кетет. Ал каза намазын окубаса, анын нафил намазын Аллах Таала кабылдабайт.

3. Мал-мүлкүңөрдүн зекетин бергиле. Зекет бербегендердин, зекет берүү милдетин кабылдабагандардын намазы, орозосу, ажылыгы, жихады кабыл болбойт жана анын ыйманы жок.

4. Пайгамбарыбыз (сав) азирети Алиге: «Йа Али! Алты жүз миң кой каалайсыңбы, же алты жүз миң алтынбы же алты жүз миң насыят каалайсыңбы?» - дейт. Азирети Али: «Алты жүз миң насыят каалаймын» - деп жооп берет. Пайгамбарыбыз (САВ): «Ушул алты насыятка баш ийсең алты жүз миң насыятка баш ийген болосуң: 1) Баары нафил намаздарды окушса, сен парз намаздарыңды аткар. Тактап айтканда, парз намаздарындагы руку, важиптерди, сүннөттөрдү, мустахаптарды көңүл коюп толук аткар. 2) Баары дүйнөлүк иштери менен алектенсе, сен Аллах Тааланы зикир (эстөө) менен алектен. Исламга ылайык түрдө жаша. Исламга ылайык байлык тап жана сарпта. 3) Баары башкалардын айыбын издесе, сен өзүңдүн айыбыңды изде. Өзүңдүн айыптарың менен алектен. 4) Баары дүйнөсүн кооздосо, сен диниңди кооздо. 5) Баары элге жакындоо үчүн себеп издесе, элдин ыраазычылыгын көздөсө, сен Аллахтын ыраазычылыгын көздө, Аллага жакындатуучу себептерди изде. 6) Баары көп иш жасашса, сен амалыңдын көп болгонуна эмес, ыкластуу болуусуна көңүл бур.

5. Кишинин сүйүнүп, Аллаъ Тааланы таанып билгенден кийин өлүүсү, жаш мезгилинде өлүп сураксыз бейишке кирүүсүнөн жакшыраак.

6. Кул (пенде) үмүтүн жалгыз Жаратуучусуна жасаган күнөөлөрүнөн коркуусу керек.

7. Сабатсыз киши билбегенин суроодон уялбасын. Аалым билбеген маселесинде: «Эң жакшысын Аллах Таала билет»,- деп айтуудан уялбасын.

11. Жүрөк баштыкка окшош. Жүрөктүн жакшысы жакшылык менен толтурулганы. 12. Мага бир тамга үйрөткөндүн кулу боломун.[1]



[1] http://www.old.islam.kg/?i=abutalibkg

Абуталиб) - Мухаммед пайгамбардын чоң атасы менен бир тууганынын баласы. Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы. Азирети Али пайгамбардын Фатима аттуу кызына үйлөнгөн. Төртүнчү «шайланма халифа» болгон. Азирети Али халифалык кылып турган кезде мамлекетте мусулмандар ара- сында ич ара ырктары кетти. Аны колдогондор «шия» (тарапкер, партия, топ маанисинде) деп атала башташкан. Алар халифалык Мухаммед пайгамбардын жакындары же Азирети Али жана андан тарагандарга таандык болуш керек деген талаптар менен чыгышкан. Йезид тарабынан өлтүрүлгөн Хусейинди имам көтөрүп чыгышкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]