Азобирикмелер

Википедия дан

Азобирикмелер – мол-сында -N = N – тобу ар түрдүү же окшош радикал менен байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы формуласы: RN = NR. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси алифаттык же гетероцикл кармаган азобирикмелер түрлөрү белгилүү. Эки радикалы тең ароматтык болгон А. кеңири таралган. А-ди алуу ыкмалары: диазоний туздары ароматтык амин- же фенолдор менен реакцияга киришинен:

ArN2CI + HC6H4OHgAr-N=N-C6H4OH + +HCI;

Негиздер чөйрөсүндө нитробирикмени металлдар (Zn, Fe) менен калыбына келтирүү:

2RNO2 + 4H2gR-N=N-R + 4H2O;

Биринчилик аминди гипохлорит же перманганат менен окистендирүү:

O2gR–N=N–R + 2H2O;

ж. б. Ароматтык А. түстүү катуу заттар. Түс азо тобунун хромофордук касиетине, радикалдын түрлөрүнө жана орун алмашуучулардын мүнөзүнө жана санына байланыштуу. Карбоксил жана сульфо-тобун кармаган А. сууда, спиртте, эфирде, бензолдо эрийт. А. негизинен булаларды (өсүмдүк жана жаныбар булаларын) боёодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]