Азобоёктор

Википедия дан

Азобоёктор – эки же андан көп радикалдар менен байланышкан бир же бир нече азо топтору -N=N- бар орг. бирикмелер. Мол-дагы азотоптор санына жараша: моно – R-N=N-R1; ди - R-N=N-R1-N=N-R11 ( R,R1,R11-ароматтык, гетероциклдик алифаттык радикалдар) жана полиазобоёктор деп айырмаланат. А. биринчилик ароматтык аминдер диазоттошуу реакциясынан алынган диазоний туздары (диазокомпонент) курамында электрондонор тобу бар ароматтык же гетероароматтык бирикмелер (азокомпонент) менен азоайкалышуу реакциясынан алынат. А. түсү мол-дагы ароматтык, гетероароматтык ядронун жаратылышына, о.эле электрон-донордук, электрон-акцептордук топтордун санына, абалына жана реакциянын чөйрөсүнө жараша болот. А. курамына -SO3H (сульфо) же -COOH (карбоксил) топторун киргизүүдөн алардын к-талык касиети күчөйт, сууда эригичтүүлүгү жакшырат жана белоктук булаларды (жүн, чыныгы жибек, полиамид булаларын) боёдо колдонулат. ОН _ тобун алып жүрүүчү А-дун к-талык касиети-NO2 тобунун касиетинен күчөйт жана к-талык боёк катары колдонулат. Ал эми _ ОН же _ NH2 группасы бар, бирок сууда эрибеген А. дисперстик боёк деп аталып, жасалма жана синтездик булаларды боёодо колдонулат. А-дун ассортименти өтө көп, синтездөө ыкмасы жеңил жана башка боёкторго салыштырмалуу арзан. Ошондуктан кеңири таралган. Өндүрүлгөн бардык боёктордун 50 % А. болуп эсептелет. А. сары түстөн көк, кара түскө чейинки бардык түстөрдү берет да, булалардын бардык түрүн - жүн, пластмасса, кагаз, тери, булгаары боёодо жана полиграфияда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]