Азооспермия

Википедия дан

Азооспермия (а... жана гр. zoon - тирүү жандык, sperma - эркек уругу) - эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоиддердин) жоктугу. Азооспермия жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (көтөн жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдыкканда пайда болот. Жыныс суюктугун микроскоп менен изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүргүзүлөт. Азооспермия эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1