Азхар

Википедия дан

Азхар, ал - Азхар (ар. ал-Жамп алАзхар - жаркыраган мечит) - Каирдеги ислам диний окуу жайлар комплекси; университет. 970-972-ж. фатимиддер халифи ал-Муизздин тушунда курулган. Ошол мезгилден негизинен куран таануу, хадис таануу, мусулман укугу ж. б. окутулат. 18-кылымдан университет мусулман өлкөлөрүнөн келген студенттер билим алган ири диний, маданий борборго айланып, Каир жана Мисирдин (Египет) тарыхында идеологиялык, саясий жактан маанилүү роль ойногон. 20-кылымдын башында Азхардын окуу программаларында, окуу процессинде жана ички түзүмүндө бир топ реформалар жүргүзүлгөн. 1961-ж. диний эмес факультеттер да ачылган. 21-кылымдын башында Жогорку окумуштуулар кеңеши, Ислам изилдөө академиясы жана дин таануу, мусулман укугу, адабият, административдик иштер жана соода, инженердик, айыл чарба, медицина, педагогика жана кыз-келиндер факультеттери (бардыгы -9) ачылган. Университетти ректор (Азхар шейхи) жетектейт. Азхарда 20 миңден ашуун кол жазмалардын жана китептердин бай жыйнагы топтолгон. Өз журналын («Мажаллят аз-Азхар» — «Азхар журналы»), программаларын чыгарып турат. Бүгкүл мусулман дүйнөсү үчүн дин кызматкерлерин даярдоочу ири борбор катары эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1