Азык-түлүктү тоңдуруп кургатуу

Википедия дан

Азык-түлүктү тоңдуруп кургатуу, сублимация - азык-түлүктөгү музду (нымды) суюктукка айландырбастан, түз эле буулантуу процесси азык-түлүктөгү ферменттерди, витаминдерди жана түрдүү экстракт заттарын сактап калуу үчүн аны тоңгон абалда кургатуу талап кылынат. Бул процесстин жүрүшүндө азык-түлүк 0°С температурада, 4,5 сым. мам. ммге барабар басым астында тоңдурулуп, анан түз эле бууландырылат. Мындай азык-түлүктүн даамы, түсү бузулбастан көпкө сакталат. Бул ыкма тамак-аш өнөр жайында, биологияда жана медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1