Аз комплекстүү мектеп

Википедия дан

Аз комплекстүү мектепмугалим бир эле мезгилде бир нече класс менен иштөөчү 1, 2, 3 комплекттүү башталгыч мектеп.

1 комплекттүү мектепте 1 мугалим бардык класстарды окутат;

2 комплекттүү мектепте 2 мугалим иштейт, алардын ар бири 2ден класс окутат;

3 комплекттүү мектепте 3 мугалим иштейт, алардын бирөө 2 класс окутат, 2 мугалим 1ден класс окутат.

Аз комплекстүү мектеп негизинен калк аз жашаган, жылына 1-класска окууга тартылуучу балдардын саны белгиленген нормага жетпеген чакан пункттарда иштейт. Аз комплекстүү мектепте окутуу башталгыч класстын окуу программалары боюнча жүргүзүлөт. Аз комплекстүү мектептин 4 –классын бүтүрүүчүлөр базалык 9 жылдык мектептин 5–классына сынаксыз кабыл алынат. 2 комплекттүү мектепте адатта 1 мугалим 1- жана 3-класстарды, экинчиси 2- жана 4-класстарды окутат. Бир эле мезгилде бир нече классты окутуу, албетте, мугалимден педагогдук жогорку устаттыкты талап кылат. 1, 2, 3 комплекттүү мектептердин ар бириндеги сабактардын расписаниесине ар башка кандай предметтерди түгөйлөп түзүү, сабактын ар бир этабында кайсы класс менен эмне иштөө керек экендигин мурдатан ачык аныктап окутуу – өтө түйшүктүү жана ал кырдаалга карата ишке ашырылат. Мисалы, бир мугалим бир эле сабакта бир класска математиканы, экинчисине окуу сабагын окутат, же бир класска эне тилди, экинчисине сүрөт сабагын окутат. Бирок музыка жана дене тарбияны башка предметтер менен түгөйлөштүрүүгө болбойт. Бул предметтер 4 сабактан кийин, же чоң тыныгуу убагында 20-25 минуталык болуп өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97