Айбаш, урук

Википедия дан

Ай башмундуз уруусунун курамындагы урук, этникалык аталыш катары орто кылымдардан белгилүү. Сайф ад-Дин Аксыкендинин “Мажму ат-Таварихинде” (XVI к.) ай баш мундуз кыргыздын сол канатындагы өз алдынча уруу катары чагылдырылат[1]. Этнонимдин параллели өзбек-коңураттардын курамынан “ой баш” формасында кездешет[2]. Р.Г. Кузеев “ай” компоненти жалганып айтылган түрк элдериндеги уруу, уруктардын тегин байыркы түркмөн-огуздардын этникалык чөйрөсү менен байланышта караган пикирин айтат[3].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. МИКК, 1973, 207
  2. Кармышева, 1976, 90-93
  3. Кузеев, 1974, 203

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2