Айбек, Муса Ташмухамедов

Википедия дан

Айбек, Муса Ташмухамедов - (ылакап аты; чыныгысы - Муса Ташмухамедов. 28. 12. 1904, Ташкент - 1. 7. 1968, ошол эле жерде), өзбек акыны жана жазуучу, Өзбек эл жазуучусу (1965). Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). 1930-ж. Орто Азия унверситетинин экономика факультетин бүтүргөн. Анын туңгуч ырлар жыйнагы 1926-ж. чыккан. Айбек - «Факел» ырлар жыйнагынын (1932), «Өч» (1932), «Жура уста» (1933), «Хамза» (1948), «Зафар жана Захра» (1951), «Акыйкатчылдар» (1954) поэмаларынын, «Ыйык кан» (1943), «Навои» (1945), «Алтын өрөөн шамалы» (1950), «Күн өчпөйт» (1958), «Улуу жол» (1967) романдарынын, «Жарык издеп» (1956), «Бала чак» повесттеринин автору. «Навои» аттуу романы үчүн 1946-ж. СССР мамлекеттик сыйлыгы, «Бала чак» повести үчүн 1962-ж. Өзбек ССРинин Хамза атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Айбектин чыгармалары чет элдик бир катар тилдерге, ошондой эле кыргыз тилине да которулган. Айбек өзбек окурмандарын орус жана дүйнөлүк адабияттын классикалык чыгармалары менен тааныштырган. СССР Жогорку Советинин 2 жолку чакырылышынын депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1