Айболчо апатит кени

Википедия дан

Айболчо апатит кени Талас облусунун Манас районунда, Арал кыштагынан 4 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1200–1370 м бийиктикте. Апатиттик минералдашуу соңку протрезой мезгилинде пайда болгон горнблендит массивинде чачыранды түрдө. Апатиттин уя сымал топтолушунун чоңдугу 1–2 смден 2,5 смге чейин. Пайдалуу аянттын узундугу 900 м, туурасы 65 м, запасын эсептөөнүн тереңдиги 100 м. Апатиттин (фторапатиттин) орточо өлчөмү 4,41%. Фосфордун беш кычкылынын өлчөмү бороз сынамыктарда 1,27–3,68%. Эки технологиялык сынамыкты изилдөөнүн негизинде 32,48% өлчөмүндө фосфордун беш кычкылынын сапаттуу концентраты алынган. Апатит рудасы агрохимиялык сырьё катары колдонууга практикалык кызыкчылыкты туудурат. Болжолдуу руда ресурсу 17,5 млн т, фосфордун беш кычкылы–0,35 млн т. Кен ачык казып алууга ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]