Айгуль Курманова

Википедия дан
Айгул Курманова
Сүрөт
Туулган күнү

10.04.1976-ж.

Ишмердүүлүгү

радио жана телеалпаруучу, иш-чаралардын алып баруучусу

Айгүл Курманова (1976-жылы 10-апрелде туулган) – белгилүү радио жана телеалпаруучу, иш-чаралардын алып баруучусу.

Айгүл Курманова Тоң районундагы Кажы-Сай айылында туулган. Атасы аскер учкучу болгон жана балалыгы Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск шаарында өткөн. Айгүл табигый-биологиялык гимназияда окуп, дарыгер болууну кыялданчу, бирок немис тилинен котормочу кесибине ээ болгон. Ал Кыргызстанга ата-энеси менен 1993-жылы көчүп келишкен.

Радио жана теле алып баруучу катары эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айгүл Курманова “Европа плюс” радиостанциясында алып баруучу болуп эмгек жолун баштап, ал жерде 1997-жылдан 2003-жылга чейин иштеген. Айгүл Курманова телевидениеге 2000-жылдардын башында келген. Аны MTV каналына чакырышкан [1]. “5-каналда”, КТРКда алып баруучу болуп иштеген.

Айгүл Курманова он жылдан ашык убакыттан бери “Мир” радиосунда “Кофейня” таңкы шоусунун алып баруучусу [2] Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine .

Бүгүнкү күндө Айгүл Курманова ТВ1.kg каналынын жамаатында иштейт , анын негизги миссиясы: “Светтик жашоо образын жайылтуу, сабатсыздык жана караңгылык менен күрөшүү”. Ал эми каналдын идеологиясы: “мегаполистердин жашоочуларынын кызыкчылыгы, жаңы технологиялар, билим берүү, сергек жашоо, ааламдашуу, сити маданият” [3]. Айгүл Курманова “Вечер трудного дня” берүүсүнүн жана “Будь в курсе” атайын долбоорунун алып баруучусу.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган [4] Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine .

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айгүл Курманова үй-бүлөлүү, 23 жылдан бери бактылуу жашап жатканын Инстаграмдагы баракчасына жазган. Ал эки баланын энеси.

Шилтемелер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Звезды Кыргызстана в фотопроекте против насилия — 7 сильных кадров

Персона недели: ведущая Айгуль Курманова (25 июня 2017)

Десять лет позитива: радио «МИР» в Кыргызстане дарит хорошее настроение Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine

Звания и медали: более 200 кыргызстанцев получили государственные награды Archived 2022-02-26 at the Wayback Machine

tv1.kg . Команда

Айгул Курманова социалдык тармактарда:

instagram