Айдараалы Бейшүкүр уулу

Википедия дан

Айдараалы Бейшүкүр уулу (лакап аты — Айдараалы Жөргөлөк; 1851, Кызыл-Адыр айылы — 1934, Кара-Буура району, азыркы Чолпонбай атындагы колхоз) — комузчу, эл куудулу, ырчы.
Айдараалынын комузга, ырга шыктуулугу, куудулдугу бала чагында эле көрүнгөн. «Курманбек», «Кожожаш» өңдүү кенже эпосторду айтып, өзү да юмордук, сатиралык мүнөздөгү ырларды чыгарган. Кыякчы, чоорчу да болгон.
Анын чыныгы атагын калк арасына комузчулук өнөрү тараткан. Элге кеңири белгилүү чыгармалары: «Ак кочкор канкы», «Канышбек», «Сары барпы», «Иле менен Кара тал», «Дубананын жар салганы», «Ак токту», «Сурнай күүсү» жана башка.
Ал ар бир күүнү ыр менен коштоп, күүсүнүн ыргагына жараша кебете кешпирин кубултуп, топусун төбөсүндө ойнотуп, ордунда жөрмөлөп, кол ойнотуп аткарган. Ошондуктан эл аны Айдараалы Жөргөлөк атка кондурган. «Дүнүйө», «Сен», «Сен дүйнө», «Кол ойнотмо» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Анын ашкере куудулдугу, кайталангыс таланты, аткаруучулук устаттыгы «Айдараалынын алты кайырмасы» менен «Көйрөң күүсүндө» айкын көрүнгөн. Азыр «Көйрөң күү» — комузчулар ансамблинин репертуарындагы негизги жана сүйүктүү номерлерден.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.
  • Алагушев Б. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. — ФР.: 1961.