Айдаркулов Кадыркул

Википедия дан

Айдаркулов Кадыркул (1946, Жаңы-Жол району, Кызыл-Жар айылы) — тарыхчы, «Манас» изилдөөчү. 1969-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз Мамлекеттик Университетин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1973). 1974-ж-дан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тарых институтунда илимий кызматкер. А-дун «Манас» эпосун изилдөөдө негизинен «Семетей» бөлүгүнө кайрылып, көптөгөн илимий-популярдуу макалаларды жана «Кылымдар жаңырыгы» (1991) аттуу китебин жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4