Айдаркул Каана
Айдаркул Каана (1953-жылы туулган, Чүй облусу, Ысык - Ата району, Юрьевка айылы) – заманбап кыргыз тарыхчы айымдарынын бири, тарых илимдеринин доктору (1994), профессор (1997), милициянын полковниги.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Каана Айдаркул 1953-жылы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Юрьевка айылында туулган.
Орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз Улуттуу университетинин) тарых факультетине окууга тапшырган. Студент кезинен илимий жыйындарга катыша баштаган.
1976-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.
1976-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда лаборант, окутуучу, доцент, профессор кызматтарында иштеди.
1996-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында кафедранын начальниги.
Коомдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясынын жектекчиси (2010)[1].[2]
Илимий-агартуучулук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эмгектери негизинен эл аралык мамилелер тарыхын, политология маселелерин изилдөөгө багытталган.
40тан ашуун илимий эмгектери, анын ичинде бир канча монографиясы жарыкка чыккан.
Илимий жетекчилиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Даражалары. Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарых илимдеринин доктору (1994).
Профессор (1997).
Эмгектеринин чакан тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Каана Айдаркул. Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и современность. - Бишкек, 2002. - 342 стр.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек: “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”, 2003. (“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов).
Интернеттик шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://books.google.co.cr/books/about/%D0%9C%D0%B5%D0%B6%D0%B4%D1%83%D0%BD%D0%B0%D1%80%D0%BE%D0%B4%D0%BD%D1%8B%D0%B5_%D0%BE%D1%82%D0%BD%D0%BE%D1%88%D0%B5.html?id=fHIjAQAAMAAJ
- http://www.osce.org/ky/bishkek/84165
- http://history.krsu.edu.kg/index.php?option=com_content&task=view&id=148&Itemid=50 Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine
- ↑ Кыргыз милиция-айымдар Ассоциациясы 13 жылдык үзүрлүү эмгегин белгилөөдө. 02.10.2023 https://mvd.gov.kg/news/3984
- ↑ Зачем в милиции нужны женщины (и как это поможет снизить уровень насилия). 9-апрель. 2024 https://kaktus.media/doc/498553_zachem_v_milicii_nyjny_jenshiny_i_kak_eto_pomojet_snizit_yroven_nasiliia.html