Кафедра

Википедия дан

Кафедра (грекче kathеdra – отургуч) – 1) Байыркы Грецияда жана Римде философтор жана чечендер чыгып сүйлөөчү бийик орун; 2) христиан чиркөөсүндө үгүт-насыят айтуу үчүн секиче; 3) Таатибадат кылуу учурунда епископ отуруучу орундук; 4) лекция, доклад жана башка окулуучу бийик орун; 5) жогорку окуу жайларда бир же бир нече илим боюнча окутуу, методикалык жана илимий-изилдөө иштери, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана башка маселелер жагынан баш кошкон профессорлор жана окутуучулар бирикмеси. Кафедраны негизинен профессор, илимдеринин доктору башкарат. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында түрдүү кафедралар иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]