Айдаров, Нургазы Абдыраевич

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдаров Нургазы Абдыраевич - «Ата-Журт» фракциясынын депутатты.
Айдаров Нургазы Абдыраевич 1966-жылдын 16-январында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү.
1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1996-жылы Ош комбинатында Эл керектөөчү товарлар өндүрүшү боюнча нормалоочу болуп иштөө менен баштаган.
1988-1989-жылдары “Индпошив одежды” фабрикасында комсомол комитетинин катчысынын орун басары, “Ошбытуслуги” АӨБсында комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген.
1989-жылы Кыргызстан ЛКЖСнын Ош шааркомунун жаштардын социалдык-экономикалык проблемалары бөлүмүнүн башчысы, 1989-1991-жылдары Кыргызстан ЛКЖСнын Кара-Суу РКсынын биринчи катчысы, 1991-1992-жыдары “Ош-Памир” биржалык соода үйүнүн маркетинг жана бааларды коюу боюнча директорунун орун басары.
1992-жылы “Рембыттехника” заводунун директорунун орун басары болуп иштеген.
1992-1997-жылдары “Каз-Кыр” СПсынын башкы директору, 1997-2003-жылдары “Экспорт-Астык” компаниясынын түштүк боюнча региондук директору болуп иштеген.
2003-2005-жылдары “Си-БУ” ЖЧКсынын вице-президенти, 2005-2007-жылдары Ага Хан Фондунун Региондук өнүгүү жана прогресс боюнча программасынын региондук менеждери болуп иштеген.
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Эл өкүлдөрү жыйынына депутат болгон.
2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышына депутат болгон .
2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.
Кыргыз Республикасынын 2-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.kenesh.kg/Articles/414-AJDAROV_Nurgazy_Abdyraevich__AtaZHurt_deputattyk_frakciyasy_.aspx Archived 2011-08-07 at the Wayback Machine