Бекбо Айдаров

Википедия дан
Айдаров Бекбо‎»‎ барагынан багытталды)

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдаров Бекбо 1908-жылы Талкан болушунда, Калинин районунда туулган.

1932-жылдан ВКП(б) нын мүчөсү.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1928-ж. Калинин районунун ком¬сомол ячейкасынын катчысы, айылдык мал чарба шериктештигинин төрагасы болуп баштаган.
1930–34-жылдары Кыргыз кавалерия полкунда кызмат өтөгөн.
1934–36-жылдары Республиканын Ички иштер эл комиссариатында иштеген.
1936-жылдан элге билим берүү бөлүмүндє инспектор, СССР эл комиссарлар советинин даярдоо боюнча ыйгарым укуктуу комитетинин Кыргызстан боюнча инспектору.
1937–38-жылдары атайын курстарда окуйт.
1938–39-ж. Даярдоо Эл комиссариатынын Ала-Бука району боюча уполномочени, Ала-Бука райкомунун II катчысы, 1939–40-жылдары Кыргызстан КомПартиясынын (б) Жалал-Абад обкомунун кадрлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Жалал-Абад облаткомунун төрагасы болуп иштеген. 1942–43-жылдары Кыргызстан КомПартиясынын(б) Тянь-Шань обкомунун I катчысы болуп иштеген.1943-жылдан Кыргызстан совхоздор эл комиссариатынын саясий башкармасында начальниктин орун басары болгон.
1947-жылдан Казакстанда иштеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын облусуна 70 жыл.Энциклопедия.-Б.,2009